www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарынын борборундагы кафелердин биринен жаш кызды бычактап өлтүрүүгө шектүү эркек киши кармалды. Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсү боюнча, каза болгон кыз официант болуп эмгектенип жүргөн. Окуя кечээ, 22-июнда күндүз кафенин ичинде болуп, жабырлануучуга бир нече жолу бычак сайылган.

Айрым маалыматтар боюнча, оор жаракаттан ошол жерде көз жумган 30 жаштар чамасындагы кыз Кыргызстандан барган. Аны менен шектүү социалдык тармак аркылуу таанышканына аз эле убакыт болгон. Кылмышкер дагы кыргызстандык экени айтылууда.

Учурда шектүү камакка алынып, Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайты РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесиндеги 1-бөлүм (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголгонун маалымдады. Тергөөчүлөрдүн алдын ала божомолу боюнча, окуяга жабырлануучунун чала таанышына турмушка чыгууга макул болбогону себеп болушу мүмкүн деп Turmush сайты жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий

Последние новости