www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын аймагындагы SARS-CoV2 жаңы инфекциясынын кайдан келгенин билүү үчүн Россиянын "Вектор" вирусология жана биотехнология борборуна жөнөтүлгөн үлгүлөр иликтенип бүттү. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Россияга 20 үлгү жөнөтүлгөн.

"Алардын үчөөсүнүн цитопотогендик аракеттери жогору экендиги аныкталган. Кеңири изилдөөгө алганда ал инфекциялар башка мамлекеттерден келип, Кыргызстанда эволюция болгондугу белгилүү болду. Салыштарганда биринчи үлгү Россия менен Швецияда, экинчи үлгү Америка Кошмо Штаттарында, Бириккен Араб Эмираттарында, үчүнчүсү Оманда кезиккен жана окшоштуктар байкалган", — деди Акматова.

Ал ошондой эле өлкө аймагындагы COVID-19ду изилдөө максатында Германияга дагы 100 лабораториялык үлгү жибериле тургандыгын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости