www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 1-августунан баштап Россиянын аймагына кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Россиядагы элчилиги маалымдап, жаңы эрежелерди жарыялады.
Ага ылайык, Россиянын аймагына кире турган Россиянын жарандары төмөнкүлөрдү аткаруусу керек:
- Орусиянын аймагына учуп барганга чейин мамлекеттик кызматтардын https://www.gosuslugi.ru/394604/1 порталында атайын форманы толтуруу зарыл (форманы толтуруу рейс катталганга чейин болушу керек, билетти алганга чейин);
- Орусияга учуп келгенден кийин 3 күн ичинде ПЦР ыкмасы менен коронавируска тест тапшырып, анын жыйынтыгын мамлекеттик кызматтардын https://www.gosuslugi.ru/400705/1 порталына жүктөө зарыл. Ал Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун көзөмөлдөө кызматына жөнөтүлөт.
* Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн жарандары коронавируска карата тапшырган ПЦР-анализинин жыйынтыгын ( оору жок деген) жанына алып жүрүүсү кажет. Анализ Орусиянын аймагына киргенден 3 күн мурун тапшырылышы шарт.
"Аква Лаб" лабораториясында тапшырылган анализдер кабыл алынат. Анткени бул анализдердин аныктыгын Орусиянын аймагында интернет аркылуу текшерүүгө мүмкүн.
Мындан тышкары Орусиянын аймагына иштөө үчүн келген чет элдик жарандар мурдагыдай эле келгенден кийин 14 күндүк обочолонууда болууга тийиш.
Элчилик Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда туруктуу авиакаттамдарды калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алына электигин эскертет.
Булак: NazarNews.kg