www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалаа болбосоң коё кал. Дал ушул суроону чечмелейли, Эмне үчүн Райым Матраимовдун атын пайдалануу менен оюн жүргүзүп атышат? Эмесе, факты жана туура анализ менен чекит койсок.

Жогорку Кеңештин бюжет жана каржы боюнча комитетинин 3-апрелдеги жыйынында «Республика - Ата Журт» фракциясынан ЖК депутаты Руслан Казакбаев Россиянын президенти В.Путин Федералдык коопсуздук кызматына Кыргызстан жана Казакстан аркылуу келип жаткан контрабандалык товарлардын күңүрт схемаларын өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырганы тууралуу окуганын билдирди.

Ушундан улам биз бул маалыматты интернет сайттар аркылуу тактап көрдүк. «Интерфакстын» маалыматы боюнча Россиянын Центробанкынын жетекчиси Элвира Набиуллина мамлекет башчысына кат жолдоп, анда Центробанк Москвадагы «Садовод», «Москва», «Фуд Сити», Петербургдагы «Софийская овощная база», Екатеринбургдагы «Таганский ряд» жана «Новомосковский», Новосибирскедеги «Норд Сити молл», «Дружба», Уфадагы «Южный», Омскидеги «Торговый город», Дагестандагы «Хасавюртский рынок» сыяктуу ири базарларды текшерген соң эң кеми 10 миллард рублдук күңүрт импортту легалдаштыруунун схемасы ашкереленгенин билдириптир. Центробанктын жетекчисинин айтымында, каражаттарды жиберүүчү точкалар жогорудагы базарларга жакын жерлерге жайгашып, аларды алуучулар болуп

Кыргызстандагы жана Казакстандагы кампалар эсептелет. Набиуллина базарларда көзөмөлдөөчү - кассалык техника колдонулбасына көңүлдү буруп, салык кызматы тарабынан көзөмөлдөөчү - кассалык техникаларга, ал эми ИИМ тарабынан болсо миграциялык агымга көзөмөлдү күчөтуүнү сунуштаган. Мындайча айтканда, Центро-банктын жетекчисинин катында «Казакстандан жана Кыргызстан-дан товарлар контрабандалык жол менен келип жатат» деген сөз жок. Кеп Казакстандан жана Кыргызстандан алынып келинген товарлар Россиянын рыногунда сатылганда салык төлөнбөй, түшкөн акчалар өлкөдөн күңүрт схемалар менен сыртка чыгып кетип жатканы тууралуу болууда.

Белгилей кетчү дагы бир нерсе, кээ бир саясатчылар, мисалы, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалды Райым Матраимов менен байланыштырышып, «бир кишинин айынын эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге доо кетип, соода байланышына зыян келип жатат» деген ойду таңуулашууда. Бирок, бул эч кандай факты менен аргументтелбеген, жүйөсүз айыптоо. Элементардык логикага да туура келбейт.

Себеби, Райым Матраимов дээрлик бир жарым жылдан бери кызматта иштебейт. Аныгында, кандайча бажы менен байланыштырабыз? Ал чек арадагы кырдаалга кантип таасир этиши мүмкүн?.. Мындан улам ынанымдуу логикага келип отурабыз. Учурдагы бийликтин айланасындагы күчтүү адамдарды атайылап эле каралоо, кылдан кыйкым издөө менен ажырымдарды салуу өнөкөтү курчуп бараткандай. Маселен, ошол эле Асылбек Жээнбековго да ар кандай айыптоолорду чапташып, саясаттан четтетүүнү көздөгөндөр интрига уюштуруп келатышат.

Райым Матраимовго болсо, баягы эле Атамбаевдин кетпес кеги, негизсиз «эски лозунгу», кайталоонун кажети жок, жөн гана кара пиар сүртүү. Саясый күрөш үчүн бийликтин каршылаштары ойдон чыгарылган жалааларды айтышып, чыныгы командадагы электораты бар, таасирдүү фигураларды каршы койгонго аракет жасашууда, Мындай чагымчылык аракеттер ишке ашпасына ишене туралы. Ансыз да президенттин душмандары күн санап көбөйүп баратканда, аларга туруштук бере турган күчтөрдү сактайлы да...

Арстан АЛГЫРБЕКОВ

Булак: АЗИЯnews.kg

Последние новости