www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Тышкы иштер министрлигине нота жиберип, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү процессине үчүнчү жактарды тартууну максатсыз деп эсептей турганын билдирген. Бул нота тажик бийлигинин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал жөнүндө билдирүүсүнө реакциясы болду. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыкты.
26-майда Россия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин жөнгө салууда ортомчулук кызматты көрсөтүүгө даяр экенин Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров шейшемби күнү ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин видео конференция форматында өткөн жыйынынан кийин билдирген.
"Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы дайыма түшүнбөстүк болуп келет. Тилекке каршы, абал курчуп баратат. Биз союздаштарды күч колдонуудан мүмкүн болушунча баш тартып, сүйлөшүүгө чакырабыз. Ортомчулук кызматыбызды көрсөтүүгө даярбыз. Кырдаал канчалык тез жөнгө салынса, ошончолук жакшы", — деп айткан министр.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал ЖККУнун Министрлер Кеңешинин отурумунда талкууга алына турган предмет эместигин айткан.
"Мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо жаатындагы иш-аракеттер ЖККУга мүчө эки мамлекеттин - Кыргызстан менен Тажикстандын ички иши жана ал жана жалаң гана эки тараптуу негизде жүргүзүлөт", - деп айтылат Тажикстандын билдирүүсүндө.
Дүйшөмбүнүн нотасында "Тажикстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы чек ара маселелерин чечүү боюнча сүйлөшүү процесси тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келе жаткандыгы" баса белгиленген..
Эске сала кетсек, май айында эле кыргыз-тажик чек арасында эки ирет ок атышуу болду. Алгач 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашышса, ал эми 24-майда Баткендин Мойнок аймагына Тажикстандын "Ворух" анклавынын жашоочулары мал жаюуга аракет кылып, буга Кыргызстандын чек арачылары карошылык көрсөтүшкөн. Андан улам чек арачылар атышышкан.
Жаңжалдардын айынан жалпысынан кыргыз чек арачыларынын үчөөсү, тажик тараптын да үч аскери жаракат алганы маалым болгон.
Ал эми 27-майда "кыргыз жараны тажик жаранына ок аткан деген айыпты" Тажикстан ЖМК аркылуу билдирип, эки тараптын жолугушуусу болуп өткөн.
Сүрөттө Тажикстандын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров, Москва, 2018-жыл 9-апрель.
Булак: NazarNews.kg