www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) документтерди жасоо (подделка) кылмышына шектүү деп Ысык-Көл областындагы “Вентус” коомдук бирикмесинин жетекчиси Камилжан Рузиевди кармады. Шектүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө колго түшкөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү (документтерди жасалмалмасы) жана 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Рузиевден жабыркагандар болсо УКМКнын Ысык-Көл областтык башкармалыгына (Тел: 03922 51180) жана УКМК Бишкектеги башкы кеңсесинин нөөмөт бөлүмүнө (Тел: 0312 660475) кайрылса болорун атайын кызмат эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости