www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын патриархы Кирилл Ысык-Көл облусундагы окуу-машыгуу учурунда сабалган баланын үй-бүлөсүнө кат жөнөттү. Бул тууралуу Москва патриархатынын расмий сайтында айтылат.

Анда сабалган баланын үй-бүлөсү окуянын чоо-жайын коомчулукка ачык айтып беришкенден кийин Кыргызстанда жана Россияда чоң резонанс жаралганы айтылат.

«Эр жүрөктүүлүгүңдү көрсөтүп, теңтуштарыңдын шылдыңынан коркпой, өзүңө кымбат болгон диниңди коргодуң. Сенин кадамың, эрдигиң колдоого татыктуу. Россиядагы жана башка өлкөлөрдөгү миллиондогон бир туугандарың азыркы жеңил эмес учурда сени менен кошо кайгырып турушат. Сени жана үй-бүлөңдү Москвага келип, ыйык жерлерге барып, жаңы достор менен таанышып, динге бекем ишенип кетүүгө чакырам», - деп айтылат катта.

24-июнда Ысык-Көл облусунда 9 жаштагы орус улутундагы бала өзү теңдүү кыргыз өспүрүмдөрү тарабынан сабалган. Окуя Булан-Сөгөттү айылында болгон. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда жабырлануучу жеңил жаракат алганы айтылат.

Бул окуяны министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов дагы өз көзөмөлүнө алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости