www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Ростов облусундагы токойдо өрт чыкты

Кечээ, 2-сентябрда Россиянын Ростов облусундагы токойдо өрт чыкты. Натыйжада 64 имарат, анын ичинде 15 турак үй жабыркаган. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Өрттүн кесепетинен 64 имарат, анын ичинде 15 турак үй жабыркады" деп айтылат маалыматта.
Тарасовский районундагы өзгөчө кырдаал дагы эки райондо - Каменский жана Красносулинск районунда катталды.

Аймактын жашоочуларын эвакуациялоо максатында, 300дөн ашык адамды батыра турган беш убактылуу жай даярдалды.

Өрттү өчүрүүгө Коргоо министрлигинин, Россиянын Гвардиясынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алты учагы тартылган.

"Таң эрте өрт өчүрүү иш-чаралары улантылып, алты учак, анын ичинде үч Ми-8 тик учагы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин БЕ-200,  Россиянын Гвардиясынын тик учагы жана Коргоо министрлигинин тик учагы колдонулду", - деди басма сөз катчы.

Москва убактысы боюнча саат 07: 10до Каменский районундагы өрт толугу менен өчүрүлдү.
Түн ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тобу калктуу конуштарга жакын жердеги өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүштү. Бүгүн ведомстволор аралык ыкчам штабдын эки отуруму болуп өттү. Ростов облусундагы өрттөрдүн жалпы аянты 521,7 гектардан ашык.

Рушанабону Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости