www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай чет мамлекеттерде, анын ичинде Борбор Азияда  аскер базаларын куруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Учурда Кытайдын Элдик -  Боштондук армиясынын (НОАК) базалары Тажикстанда пайда болушу күтүлөт.Бул тууралуу Пентагон докладында жазып чыкты.

АКШтын Конгрессине багытталган бул докладда Кытай Мьянмага, Таиландга, Сингапурга, Индонезияга, Пакистанга, Шри-Ланкага, Бириккен Араб Эмиратына, Кенияга, Сейшелге, Танзанияга, Анголага жана Борбор Азиядан Тажикстанга аскер-логистикалык базасын орноштурууну көздөөдө. Бул аскер базалары АКШга каршы багытталып, америкалык согуштук операциялардын жүрүшүнө тоскоолдук кылмакчы. Бул аскер базалары Кытайдын “Бир алкак - бир жол” долбоорунун негизинде ишке ашып, чет мамлекеттерде толук кандуу, масштабы чоң базалардын жана логистикалардын инфраструктуралары түзүлүп, Кытай өзүнүн көп миллиондуу аскерлери менен АКШга окшогон мамлекеттердин сезин алмакчы.

Пентагондун эсеби боюнча ушул кылымдын жарымында Бээжин америкалыктар менен теңме –тең же андан ашып кете турган улуу державанын аскердик базасын түзүшү мүмкүн.

Ушул доклад боюнча акыркы жыйырма жылда Кытай бүт ресурстарын, технологиясын жана саясий эркин Армиясын күчтөндүрүп, кайра курууга багыттап жатканын билдирет. Мисал үчүн, корабль куруу, баллистикалык ракеталардын программасы боюнча жана абадан коргонуу үчүн даярдалган канаттуу (крылатый) ракеталар боюнча Кытай америкалыкиарды эбакта артка таштап кеткен.

Кытайдын Орусияда чыгып жаткан С-400, С-300 жана өзүндө чыгарылган дүйнөдө эң күчтүү заманбап системалардын бири болгон “жер-аба” (земля-воздух) алысты мээлеген ракеталары бар. Ушуларды эсептеп чыккан Пентагон Кытайдын аскерлеринин абдан күчтөнүп баратканын баса белгилеген.  

Кытайга Кыргызстандын 1,8 миллиард доллар бересеси бар. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын башчысы Си Цзиньпинь менен телефон аркылуу сүйлөшүп, карызды төлөөдө жеңилдик берүүсүн өтүнгөн. Кытай өнүккөн жыйырма мамлекеттердин карыздарды тейлөө төлөмүн токтотуу демилгесине активдүү катышкан. Азыркы учурда Кытай  өнүгүп келе жаткан 77 мамлекеттен карызды өндүрүүнү токтотуу жарыяланды. Кыргызстандын тышкы карызы 3,9 миллиард доллардын тегерегинде. Анын 1 миллиард 800 миллион доллары Кытайга туура келет.

Кытайга толук карыздарды төлөө 2029-жылдан башталат. Андан кийин Тажикстандын кейпин кийип, Кытай Армиясына аскер базасын ачып бербесек болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости