www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын сатиралык жумалыгы Charlie Hebdo редакциясына 2015-жылдын январь айында кол салууга алып келген Мухаммед пайгамбардын (САВ) карикатураларын кайрадан жарыялоону чечти. Басылма муну 12 адамдын өмүрүн алган террордук акт боюнча сот процесси башталганга чейин жасады.

Мухаммед пайгамбардын (САВ) карикатураларын жарыялаган журнал 2-сентябрда чыгышы керек болчу. Алар 1-сентябрда эле интернет-басылмага чыккан.

"Биз эч качан баш тартпайбыз, эч качан коркпойдуз", - деп жазган басылманын директору Лоран Суриссо редакциялык макаласында.

Эске салсак, 2015-жылдын 7-январында Charlie Hebdo журналы Мухаммед САВды шылдыңдаганынан кийин реадкцияга террордук чабуул болуп, он эки киши каза болгон.

2015-жылы 7-январда бир туугандар Саид жана Шериф Куаши Париждеги Charlie Hebdo кеңсесине ок чыгарышкан. Ал жерде он эки адам жаракат алып, сегиз журналист жана сүрөтчү өлтүрүлгөн. Бир туугандар 9-январда табылып, өлтүрүлгөн. Ошол эле күнү, алардын шериги Амед Кулибали 7-январда Париждеги дүкөндө өлтүрүлүп, барымтага алынган.  

Кечээ, 2-сентябрда Франциядагы биринчи кол салуу боюнча сот иши башталды. Шектүү 14 адам болгон. Маалыматка ылайык, сот жараяны 10-ноябрга чейин уланат. Charlie Hebdo журналына ыйык ислам дининин акыркы пайгамбары Мухаммад (сав) дын карикатурасын жарыялоо мусулман өлкөлөрүнүн Францияга каршы нааразычылыгын жаратып, карама-каршылыктарды күчөтүүдө.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости