www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азаттык” үн алгысынын кыргыз кызматы бүгүн обьективдүү маалымат рупорунан тышкары, саясатка ачык тартылып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо алдындагы, шайлоодогу жана шайлоодон кийинки мезгилдердеги өзүнүн “аба-ырайын” жаратып жатат. Бул маалымат слон.kg басылмасы тарабынан кыргызчаланды.

Камакта айыпталып жаткан Равшан Жээнбеков менен болгон жакындагы маектин негизинде бул ресурс саясий маселелерге даректелгенин түшүнсө болот. Бул суроолордун маңызында жооптору өзү эле камтылган. «Азаттык» сүйлөшүп жаткан адамына өз пикирлерин таңуулап, аркандын учун узун таштайт. Ошондон улам, мындай ой жоруулар пайда болот. Суроолордо эле ресурстар бүтүндөй камтылып, адресатка бере турган  негизги маани ушул жерде эле жаңырып тургансыйт...

Чет мамлекет тарабынан каржыланып жаткан дал ушул маалыматтык ресурстар, биздин мамлекеттин ички иштерине саясий ал-абалды чыңалтуу максатында, үчүнчү күчтөрдүн ички окуяларга кийлигишип жатканы тууралуу күмөн ойлорду туудуруп жатат. “Азаттыктын” иликтөөчүлөрү  фейк документтерге негизделген материалдарга жана ушактарга таянуу менен, жалган окуяларды пайдаланып жана кеңири таратып жүрүшкөнүнө, бир нече ирет эскертилгенине басым жасашыбыз керек. АКШнын Конгресси тарабынан каржыланып келаткан «Азаттык» үналгысы кээ бир эксперттердин айтуусунда, айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үчүн гана саясий бороон-чапкынды уюштуруп, публиканы өйдө - төмөн сабаалатып  туруу редакциянын саясатына айлангандай. 

“Азаттык”  Равшан Жээнбеков менен болгон маегинин тегерегинде да өзүнүн купуя максаттарын жашырган эмес. Ошондуктан Кыргызстандагы  кырдаалдарды колдон келишинче курчутуу үчүн угармандарды дайыма түрткүлөп турат. Балким  “Азаттык” айрым укук коргоочулардын, активисттердин жана батышчыл партиялардын жүзү менен провокациялуу топтордун пландарын жашырбай өз эрки менен ачып жаткандыр. Кайрылуулар ушул жерде гана протест кыла турган муңга айланат.  Шайлоо жарышында атаандаштар каршылык акцияларын уюштуруп жатышат. Муну кандайча түшүнсө болот? Эгерде “Азаттыктын” өз миссиясы болсо, анда маалымат каражаттары катары кантип өзүн эсептейт? Мейли, анда биротоло “терисин тескери жамынбай” партияга же кыймылга айлансын, биротоло Реформа же Реакция менен байланыш түзүп кетсин. Башкасын айтпаганда да, алар коррупция тууралуу тамагы айрылгыча кыйкырып жатышат да, мурунку президент Атамбаев тууралуу бир ооз сөз жок. Ал эмес сөз кылууга оюу да жок. Барыбызга белгилүү болгондой анын жеке калкалоосу менен көптөгөн көмүскө пайда тапкандар карьералык жактын чоң мансапка жетишкен. Өзүнүн мындай жүрүш-турушу менен “Азаттык” медиада ишмердүүлүк буюртма мүнөзгө ээ болуп баратканын ачык эле түшүндүрүп жатат.

Мындай туура эмес, журналисттер “сөз эркиндигине” далдааланып алышып. “ит талаган түлкүдөй” кылабыз дешип “түлкү” издеп жүрүшөт. Ушундай окуялардан соң “Азаттык” толугу менен өз функциясына өзү жооп бербей, кимдир бирөөлөргө көр казууга дайым даяр болсо, кээ бирөөлөргө “саясий туткун” деген макамды бере салгысы келет. Равшан Жээнбеков кандайча “саясий туткун” болуп чыга келет? Ал Акаевдин жакын адамы катары , союздан калган дүнүйө -мүлктөргө суук тумшугун матырып, өзүнун жеке менчигин көздөп, байлыктын барын өздөрүнө бөлүп алган. Эмне эркиндиктин укугу бир гана “Азаттыкка” буюруптурбу же ага гана кимди көтөрмөлөп, кимди каралоого укук берилиптирби? Кыргызстанда сөз эркиндигин тебелеп, тепселегени үчүн бардыгы менен бирдей жоопкерчиликти “Азаттык” үналгысы деле тартат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости