www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үйбүлөсүндөгү 7 кишини вирустан улам жоготуп алган 23 жаштагы жигит Oxford – AstraZeneca вакциналык тестирлөөсүнө өз каалоосу менен ыктыярдуу болду.

Oxford университети жана AstraZeneca тарабынан ойлоп табылган Covid-19 вакцинасынын тестирлөөсүнө катышкан АКШлыктар арасындагы 23 жаштагы жигит, үйбүлөсүндөгү 7 кишини вирустун кесепетинен улам жоготкон. Муну менен катар вакцина иштерин жүргүзгөн бир адис, ушул убакка чейин жасалган эмгектерде потенциалдык вакцинанын ыктыярчыларда коронавируска каршы күчтүү иммундук реакция жаратканын айтты.

Джейкоб Серрано "AZD-1222" деп аталган вакцинанын Флоридадагы 31 ыктыярчысынын катарынан орун алды. Серрано бул боюнча берилген суроолорго: “Өлгөндөрдүн санына караңыздар. Мунун минтип улана беришин каалабайм. Тобокелчиликке барганымды билем, бирок эмне болсо да дарылоого бир кадам жакындоону чечтим”, - деп жооп кылды.

Oxford университети менен AstraZeneca АКШда учурда 3-деңгээлдеги клиникалык тестирлөөнүн башталганын айтып, жалпы 30 миң киши катышканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости