www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Армениянын ЕАЭБден чыгышын каалабайт

Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук Армениянын Евразия экономикалык биримдигиндеги келечеги тууралуу кезектеги билдирүүсүн жасады.

Ал ТАСС агенттигине берген маегинде Москва Армениянын ЕАЭБден чыгышын каалабай турганын айтты.

“Дагы бир жолу кайталайм, биз Армениянын ЕАЭБден чыгышын каалабайбыз. Биз Армениянын өнүгүүсүн каалайбыз. Бирок Европа Биримдигине кошулуу же ага жакындашуу болгон учурда жарала турган көйгөйлөрдү көрүп жатабыз. Негизи, бул көйгөйлөр азыртан эле пайда боло баштады”, - деди ал.

Оверчук белгилегендей, Армения ЕАЭБге мүчө болгон 11 жыл ичинде өлкөдө жашоо деңгээли жана ички дүң продукция кыйла өскөн.

Орус чиновнигинин айтымында, мындай жыйынтыктар негизинен ЕАЭБ алкагында берилген экономикалык жеңилдиктердин эсебинен жетишилген жана “муну Арменияга эч ким компенсациялап бере албайт”.

Бул билдирүү акыркы айларда Армения менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтык күчөп жаткан учурда өзгөчө көңүл бурууда.

Последние новости