www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 19-майында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохунду кабыл алды. Бул тууралуу УКМКнан билдирди.

Жолугушууда тараптар терроризмге, диний экстремизмге, экономикалык кылмыштарга жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол магистралын куруу сыяктуу стратегиялык долбоорлордун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жумгалбек Шабданбеков КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка, коррупциялык схемаларга жана көмүскө экономикага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, Кыргызстандагы кытайлык инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коопсуздук жаатындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө макулдашты.

Последние новости