www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш өлкөлөрү Украинанын фронтундагы мүмкүн болгон жеңилүү – бул жалгыз Киевдин эмес, Брюсселдин, Берлиндин, Париждин жана Лондондун да ийгиликсиздиги болорун түшүнө баштады. Мындай пикирди РИА Новости агенттигине түрк саясий аналитиги, "Америка кубатынын түшүүсү жана жаңы күчтөрдүн көтөрүлүшү" китебинин автору Умур Тугай Юджель билдирди.

"Украинадагы кырдаал кескин начарлап жатат. Ошол эле учурда (Владимир – ред.) Зеленскийдин бийлиги жана легитимдүүлүгү шек жаратып, өлкөдөгү массалык коррупциянын ашкере болушу абалды андан ары татаалдаштырууда. Ушул факторлорго карабастан, Батыш Киевге жардамын улантууда. Бүгүн дүйнө жүзү Украинанын Батыштын акчасы, куралы, чалгын кызматы жана кеңешчилери менен гана согушуп жатканын билет. Россия бүгүн Украинанын өзүнө гана каршы эмес, бүтүндөй Батыш менен күрөшүп жатат. Ошондуктан бул согуштагы жеңилүүнү жөн гана Киевдин жеңилиши деп эмес, Брюсселдин, Берлиндин, Париждин жана Лондондун да жеңилиши деп баалоо туура болот", – деди аналитик.

Россия Батыштын Украинага курал жеткирүүсү согушту токтотууга тоскоол болуп, НАТО өлкөлөрүн жаңжалга түздөн-түз аралаштырып жатканын эскертүүдө. Кремль мындай аракеттерди "от менен ойноо" деп баалап, Батыштын Украинага берген куралдары Россия үчүн мыйзамдуу аскердик бута болорун билдирген. РФнын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, АКШ жана НАТО согушка курал-жарак берүү менен гана чектелбей, Украинанын аскер кызматкерлерин Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө даярдоодо. Кремль Батыштын курал-жарак менен камсыздоосу сүйлөшүүлөргө өбөлгө түзбөй, тескерисинче, согушту курчутуп, анын кесепеттерин оорлотуп жатканын белгилеген.

Последние новости