www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткендеги Төрт-Көчө нейтралдык макамга ээ болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим каралып жатканда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, ортодогу жол 10 метр, ал эми анын эки жагынан 15 метрлик коопсуздук тилкеси белгиленди. Муну менен 40 метр жол нейтралдык макам алды.
“Бул жер кыргыздардыкы да, тажиктердики да эмес. Эл аралык келишимдерде нейтралдык макам деген түшүнүк бар экен. Ошондуктан ал жерди эки тарап тең колдоно беребиз. Эми бул менин жолум деп, бирөө Төрт-Көчөнүн ортосуна келип, тосуп ала албайт. Төрт-Көчөгө чейин бардык коопсуздуктар каралды. Төрт-Көчө маселеси ушуну менен чечилди”, - деди Ташиев.