www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Германиядан офицерлеринин Крым көпүрөсүн жардыруу боюнча сүйлөшүүлөрүнө түшүндүрмө берүүсүн талап кылат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости агенттиги жазды.

"Германиядан түшүндүрмө талап кылабыз. Расмий Берлин ыкчам түрдө түшүндүрүшү керек. Берилген суроолордон кайкып кетүү аракеттери – күнөөнү моюнга алуу катары каралат", — деген Захарова.

Буга чейин "Россия сегодня" медиа тобунун башкы редактору Маргарита Симоньян мурдараак анын колуна немец Бундесверинин Крым көпүрөсүнө сокку уруу боюнча талкуусунун аудиоварианты түшкөнүн билдирген.

Ал эми Германиянын Коргоо министрлиги коомчулукка чыгып кеткен үн жазуу боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

Последние новости