www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Швейцарияда Украина маселеси боюнча Россия менен АКШнын ортосунда «жашыруун» сүйлөшүүлөр өткөнү тууралуу маалыматка ээ эмес экенин билдирди.
«Мен бул суроого жооп бере албайм, андай маалыматым жок», – деди Песков журналисттерге, АКШ менен Россиянын өкүлдөрү Швейцарияда «жашыруун» жолугушуп, Украина боюнча бейрасмий сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү тууралуу маалыматка комментарий берип жатып.
Сауд Аравиясынын борбору Эр-Риядда шейшемби күнү Россия-Америка жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Россия тараптан ТИМ башчысы Сергей Лавров, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, РФПИ башчысы Кирилл Дмитриев катышса, АКШ тараптан улуттук коопсуздук боюнча президенттин жардамчысы Майк Уолц, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана президенттин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стивен Уиткофф болду.
Юрий Ушаковдун айтымында, сүйлөшүүлөрдө Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү кантип баштоо маселеси талкууланды. Жыйынтыгында, Россия жана АКШ делегациялары оң натыйжаларга жетишилгенин билдирип, маселелерди чогуу чечүү жана жаңы жолугушууларды даярдоо боюнча макулдашышты.
Сауд Аравиясынын борборундагы жолугушуу Россия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын тапшырмасы боюнча өткөрүлгөн. Анда Москва менен Вашингтондун өкүлдөрү эки өлкө башчыларынын жолугушуусуна чейин чечилиши керек болгон маселелерди белгилешти.