www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын жана Өзбекстандын коргоо министрлери Андрей Белоусов менен Шухрат Халмухамедов эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы 2025-жылга карата кызматташтык планына жана 2026-2030-жылдарга Россия менен Өзбекстандын аскердик тармактагы стратегиялык өнөктөштүк программасына кол коюшту.
Кол коюу аземи Андрей Белоусовдун Ташкентке болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү.
Россия менен Өзбекстандын коргоо министрликтеринин ортосундагы 2025-жылга карата кызматташтык планы биргелешкен иш-аракеттин бардык багыттары боюнча 50 иш-чараны камтый турганы айтылды.
Иш сапардын жүрүшүндө Россиянын коргоо министри өзбекстандык кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
2017-жылы Москва менен Ташкент аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ал аскердик багыттагы продукцияны өз ара жеткирүүнү, курал-жарактарды, аскердик техникаларды тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди, аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнү, илимий-изилдөө жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди жүргүзүүнү камтыйт.