www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде координациялык кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылдын 21-январында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин тапшырмасынын негизинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде коррупцияга каршы түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Жыйынга жалпы 200 адам, окуу жайдын жетекчилиги, окуу бөлүмдөрүнүн (институттардын, факультеттердин) жетекчилери, профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана коррупцияга каршы күрөш боюнча эксперттер катышты. 

 Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 21-январында күчүнө кирген коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү.

Ошондой эле, катышуучуларга презентация түрүндө 2020-2024-жылдар аралыгында билим берүү системасындагы аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын жыйынтыктары жана фактылары боюнча маалымат берилди.

Последние новости