www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россияда “Орешник” ракетасынан да кубаттуу жаңы гиперүндүү курал иштелип жатканы тууралуу маалымат Батыш басылмаларында кызуу талкууланууда. Daily Star басылмасынын жазышынча, бул система сегиз кинетикалык дүрмөт көтөрө алат жана 30 метр тереңдиктеги бекемделген буталарды талкалоого жөндөмдүү болот.
Аскерий аналитик, отставкадагы полковник Виктор Баранец билдиргендей, жаңы ракета пайдалуу жүк көтөрүмдүүлүгү, отун технологиясы жана багыттоо системалары боюнча “Орешниктен” кыйла жогору болот. Анын айтымында, инженерлер тактыгын дээрлик нөлдүк катага жеткирүүнү көздөп жатышат.
“Орешник” ракетасы алгач 2024-жылдын аягында колдонулганы айтылып, орто аралыктагы баллистикалык ракета катары мүнөздөлгөн. Расмий маалыматтарда ага каршы ишенимдүү абадан коргонуу каражаттары жок экени белгиленген. Бирок Батыш адистери мындай дооматтарга күмөн санап келишет.
Акыркы маалыматтарга ылайык, ракеталык комплекстин мобилдик пускалык түзүлүштөрү Белоруссия аймагына жайгаштырылган. Божомолдор боюнча, ал жактан учурулган ракета Лондонго сегиз мүнөттө жетиши мүмкүн.
Булак: NazarNews