www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас Бегалиев абактан чыкты

Бишкектин Октябрь райондук соту 20-февралда Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиевдин иши боюнча чечим чыгарып, абактан бошоткону маалым болду. 

Чечимге ылайык, Бегалиев Кылмыш-жаза кодексинин 2021-жылдагы редакциясынын 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо), 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо), жана 262-беренеси (Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) менен күнөөсүз деп табылып, акталды.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 304 беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргенине байланыштуу жаза каралган жок.

Мындан тышкары Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин (“Өзүм билемдик”) 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жыл сегиз айлык абак жазасы каралган. 2025-жылдын 16-майынан бери кармалып турган тергөө абагындагы бир күнү абактагы эки күн деп эсептелип, сот ага берилген жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн деп чечип, бөгөт чарасын эч жакка кетпөө тилкатына алмаштырды.

Бегалиев менен кошо кармалган Р.Ю.М. аттуу жаран да бир иш боюнча акталып, эки берене боюнча кылмыштын мөөнөтү эскиргени үчүн жаза мөөнөтү каралган жок.

Сот эки жаранды тең сот залынан бошотту. 

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бегалиев былтыр 19-майда "уюшкан кылмыштуу топту каржылоого, опузалап акча талап кылууга" шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат аны криминалдык топтордун өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болгон деп айыптаган. 
Талас Бегалиев Көк бөрү федерациясынын президенти болуп 2022-2023-жылдары иштеген. Ага чейин улуттук курама тобунун жетекчиси болгон.

Ал Бээжин Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Канат Бегалиевдин бир тууган агасы.

Последние новости