www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровго кылмыш иши козголуп, аны эл аралык издөөгө жарыялаганын билдирди.
ФСБнын маалыматына ылайык, украин атайын кызматтары Telegramдагы «Дайвинчик/Leo» чат-боту аркылуу жаштарды, анын ичинде жашы жете электерди диверсиялык жана террордук аракеттерге тарткан деген божомол айтылды.
Ведомство 2025-жылдын июлунан бери Россиянын бир катар аймактарында 12 жаштан 22 жашка чейинки 46 адам кармалганын билдирди. Алар транспорт, энергетика жана байланыш объектилерине кол салууларга, өрт коюуга жана башка мыйзамсыз аракеттерге катышкан деп шектелүүдө.
ФСБ Дуровго Россия Кылмыш-жаза кодексинин 205.1-беренеси (терроризмге көмөктөшүү) боюнча айып коюлганын, Telegram администрациясы тыюу салынган контенттерди өчүргөн эмес деп эсептелерин билдирди.