www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга, мамлекеттик тизмеден чыгарууга жана алардын коргоо аймактарында жаңы курулуштарды жүргүзүүгө 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталды. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, тарыхый имараттардын баалуулугун жоготту деп танууга, аларды тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарууга, бузууга жана демонтаждоого 10 жылдык мөөнөткө тыюу салынат.

Документте министрлер кабинетине мыйзам күчүнө киргенден кийин алты айдын ичинде тарыхый-маданий мурас объектилерин толук каттап, эсеп-чоттоп чыгуу, мамлекеттик тизмеге кирген объектилердин коргоо аймактарынын так чек араларын аныктоо жана тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды мыйзамга ылайык келтирүү милдети жүктөлөт.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде акыркы жылдары курулуш компанияларынын жана айрым чарба жүргүзүүчү субъектилердин басымынан улам тарыхый-маданий мурас объектилеринин коргоо аймактары кыскарып, айрым эстеликтер мамлекеттик тизмеден чыгарылып, алардын ордуна коммерциялык багыттагы имараттар курулуп жатканы белгиленген.

Последние новости