www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылы Россияда маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштар жалпы катталган кылмыштардын 40%ын түзүп, бул 2020-жылдан бери эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Бул тууралуу ТАСС Россиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыштуулук абалы тууралуу материалдарынан маалым болду.

2024-жылдын январынан декабрына чейин Россияда жалпы 765,4 миң кибер кылмыш катталып, бул 2023-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 13,1%га көп экенин көрсөткөн. "Катталган кылмыштардын жалпы санындагы IT-кылмыштардын үлүшү 2023-жылдын январь-декабрындагы 34,8%дан 40%га чейин көбөйдү", — деп айтылат документте. Салыштырып караганда, 2022-жылы IT-кылмыштар жалпы кылмыштардын 26,5%ын, 2021-жылы 25,8%ын, ал эми 2020-жылы 25%ын түзгөн.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылы жасалган ар бир бешинчи кылмыш (84,8%) интернетти колдонуу менен ишке ашырылган. Жалпысынан интернет аркылуу жасалган кылмыштардын саны 649,1 миңди түзүп, бул 2023-жылга караганда 23%га көп болгон. Ошондой эле мобилдик байланыш каражаттарын колдонуу менен жасалган кылмыштардын саны да өскөн. Эгерде 2023-жылы мындай кылмыштардын саны 303 миң болсо, 2024-жылы бул сан 14,3%га көбөйүп, 346 миңге жеткен.

Россиянын Ички иштер министри Владимир Колокольцев санариптик чөйрөдөгү мыйзамсыз аракеттерден карапайым жарандар, юридикалык жактар жана мамлекеттик мекемелер жабыркап жатканын мурда билдирген. Анын айтымында, кибер кылмыштар экономикага жана жарандардын мүлктүк укуктарына олуттуу зыян келтирүүдө. Ошондуктан ИИМ жарандарга телефон аркылуу кимдир-бирөө акчаңызды "коопсуз эсепке" которууну талап кылса, мындай сүйлөшүүнү дароо токтотууну сунуштайт, анткени бул — алдамчылардын схемасы.

Последние новости