www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын Люблин райондук соту кыргызстандык жаран Сапарбек уулу Жанарбекти 19-июлга чейин тергөө камагына алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Россия Федерациясынын жалпы юрисдикция сотторунун басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Сапарбек уулу Жанарбек дагы бир мекендеши менен бирге Люблинская көчөсүндөгү батирден сөөгү табылган кыргызстандык 33 жаштагы аялды өлтүрүшкөн.

Маркум Айгеримдин дайынсыз болуп жатканы 18-майда кабарланган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ал жашаган батирге келишип сөөгүн диванга жашырылган абалда табышкан.

Тергөө жана тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка маркум менен чогуу батирде жашаган мекендештери шектелип, алардын бири кармалган. Дагы бир шектүү Россиянын аймагынан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Ага сырттан айып тагылды.

Каза болгон аял Москвадагы ооруканада пол жуугуч болуп иштеген жана эки мекендеши менен эки бөлмөлүү батирде жашаган. Ал 8-майда байланышка чыкпай калган.

Последние новости