www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Автобекет курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча эскертүү берилгенин Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Манас шаарынын Б.Аттокуров көчөсүндө жайгашкан муниципалдык базардын курулушу жана автобекеттин курулушу текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, автобекеттеги асфальт басууда биринчи катмары тегиз ныкталган (трамбовка) эмес жана имараттын чатырын жабууда кемчиликтер аныкталды. Мындай аракеттер курулуш ченемдерин одоно бузуу болуп эсептелет.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “Тянь Вэйго” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык курулуш субъекттерин курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын жана курулуш ченемдеринин талаптарын так сактоого чакырат жана мыйзамсыз курулуштар үчүн жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Последние новости