www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинети мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлорун дайындоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Жаңы талаптарга ылайык, эми мамлекеттик университеттердин жетекчилери үчүн окумуштуулук наамга ээ болуу милдеттүү шарт катары каралбайт.

Ошол эле учурда талапкерлер жогорку билимге, илим кандидаты же PhD илимий даражасына жана кеминде беш жылдык илимий-педагогикалык эмгек стажына ээ болушу керек.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, маданият жана искусство багытындагы жогорку окуу жайлар үчүн буга чейин колдонулуп келген өзгөчө шарт күчүндө калат.

Аталган тармактагы окуу жайлардын жетекчилери илимий даражасы жок болсо да, маданият жана искусство жаатындагы ардактуу наамдарынын негизинде дайындала алышат.

Мындан тышкары, жаңы өзгөртүүлөр саламаттык сактоо тармагындагы жогорку окуу жайларга да тиешелүү болот.

Тиешелүү токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Последние новости