www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусундагы «Чоң-Капка автожолу» фитосанитардык текшерүү постунда Россия Федерациясынан импорттолуп келген 24 тонна кебекке карата мыйзам бузуу аныкталды.

Бул тууралуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 4-июнунда жүргүзүлгөн фитосанитардык көзөмөл учурунда продукциянын таңгагында талап кылынган маркировка жок экени белгилүү болгон.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №157 чечимине ылайык, карантиндик продукциянын ар бир таңгагында анын аталышы, чыгарылган өлкөсү, экспорттоочу жана/же реэкспорттоочу өлкө тууралуу маалымат көрсөтүлүшү зарыл.

Департаменттен белгилешкендей, маркировкасыз карантин алдындагы жүктү алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат.

Анын негизинде 24 тонна кебек жүгү Кыргызстандын аймагына киргизилбей, жөнөтүүчү тарапка кайра кайтарылды.

Последние новости