www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургдун Ленин райондук соту Екатерина Биволго каршы административдик иш ачты. Ал «Уруулук же улуттук кастыкты козутуу, адам аброюн кемсинтүү» боюнча айыпталууда.

Сот 29-январда өтөт. Эгер күнөөсү далилденсе, 10-20 миң рубль айып пул төлөө, 100 саатка чейин милдеттүү жумуш жасашы же 15 күнгө административдик камакка алынуу коркунучу бар. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Казакстанда Екатерина Биволго каршы кылмыш иштери ачылып, издөө жарыяланган.

Ал белгилүү боксчу Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы жана өзүнүн социалдык тармактардагы кастыкты козуткан билдирүүлөрү менен таанымал.

Последние новости