www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жаңы жылды утурлай Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев Бишкектеги Угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебине актовый залы менен спорт залдын капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен кийин барды.
Камчыбек Ташиев алгач мектептин оңдоп-түзөөдөн өткөн бөлүгүн көрүп чыгып, балдардын билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу, ошол эле учурда коопсуз шарттарды түзүү иштеринин маанисин белгиледи. Ошондой эле, төрага жатак мектептин кызматкерлерин жана окуучуларын келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан жаңы жылдык белектер жана бир миллион сом каржылык колдоо көрсөтүлдү. Мектеп-интернаттын окуучулары өз кезегинде жаңы жылдык майрамдык программа тартуулашты.
Адистештирилген жатак-мектептин жетекчилиги генерал-полковник Камчыбек Ташиевге жана УКМКнын бүтүндөй кызматкерлерине көрсөткөн колдоосу, көңүл буруусу жана камкордугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.