www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын Челябинск облусунда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын К.А.В. аттуу жараны кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал жасалма документтерди жасоо жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну көздөп жүргөн.

К.А.В. Челябинск облусундагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болуп саналат, ошондой эле Россия Федерациясынын ФСБсы аркылуу Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162 (Каракчылык), 209 (Бандитизм), 222 (Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү), 226 (Куралды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап алуу) беренелери боюнча бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Ошону менен бирге, ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 15 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык акчалай сыйлык үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн тиешелүү документтерди чогултуп жүргөн.

Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Последние новости