www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-агуст күнү Москванын четиндеги Дмитров шаарында кыргызстандык жаран жашы жете элек балдарынын көзүнчө аялын бычыктап өлтүргөн. Бул тууралуу алардын улуу кызы Инстаграмдагы "Блек лист" баракчасында билдирди.

Анын айтымында, окуя ушул жылдын 2-августунда болгон.

"Атам баарыбыздын көзүбүзчө апамдын далысына 3-4 жолу бычак сайып жиберди. Андан соң атам инисине телефон чалып, үйдөгү документтери жана акчаны алып кетүүсүн суранды. Ал келген соң атам экөө ажал алдында жаткан апама жардам берүүгө аракет да кылышкан жок. Анын ордуна документтерди алып кетип калышты.

Ошол учурда үйдө 9 жаштагы сиңдим, 11 жаштагы иним жана 16 жаштагы дагы бир сиңдим жана мен (ред. 18 жаш) болгонбуз. Биз беш бир тууганбыз. Азыр 3 бир тууганым Россия Федерациясындагы кризистик борборго жеткирилди. Таэжем экөөбүз апамдын сөөгүн өзү өскөн айылына алып келип жерге бердик", - деди кыз.

Ал атасынын жакындарынан эч кандай жардам болбогонун, атасынын карындашы аларды полицияны чакырганы үчүн жемелеп: "Атаңды аябайсыңбы?", - деп урушканыны айтты.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости