www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда 33 жаштагы кыргызстандык аял 4 кабаттан секирип, каза тапты. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Окуя 22-сентябрда Санкт-Петербург шаарында болгон. Маркум алты айлык наристесин уктатып, намазын окуп, төртүнчү кабаттын терезесинен секирип кеткен.

Булактын маалыматына караганда, М.Т.К. 1990-жылы туулган. Ал жолдошу, үч баласы менен Санкт-Петербург шаарында жашаган.

Учурда маркум эмне үчүн мындай кадамга барганы белгисиз.

Маркум 27-сентябрда апасы туулуп өскөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жерге берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости