www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, мамлекет башчысынын учагы “Берлин-Бранденбург” эл аралык аэропортуна конду.

Президент менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жана анын жубайы Айгүл Текебаева да тосуп алды.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышат, Германиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости