www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда Кыргызстандын 39 жараны изделүүдө

Россияда Кыргызстандын дайынсыз жоголгон 39 жаранын изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Жыл башынан бери ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө Россиянын аймагында дайынсыз жоголгон 66 адамдын туугандары издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Былтыртан бери 28 жарандын жүргөн жери аныкталган. Бардыгы болуп отчеттук мезгилде жакындары менен байланышын үзгөн же жок болгон 94 адамга карата иш жүргүзүлдү. Москванын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрү 55 жаранды, алардын 39ун быйыл аныкташты», - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги бүгүнкү күндө Кыргызстандын 39 жаранын издөө иштери уланып жатканын белгилейт. Дайынсыз жоголгондор боюнча толук маалыматты ИИМдин расмий сайтынын "Көңүл бургула, изделүүдө" бөлүмүнөн тапса болот.

Милиция издөөдө жүргөндөр тууралуу билгендер болсо: +74996538700, +79268908700, +996312975525 телефон чалып коюуну өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости