www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президентин шайлоо үчүн добуш берүү бүгүн, 15-мартта башталды. Бул саясий өнөктүк үч күнгө созулуп, 17-март шайлоонун негизги күнү деп эсептелет.

РФтин Баш мыйзамына ылайык, Россиянын президенти алты жылга шайланат.

Федерация кеңеши (Россиянын жогорку палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына белгилеген. Добуш берүү үч күн — 15, 16 жана 17-мартта болорун жогоруда жаздык. Бул — аталган өлкөнүн тарыхында бир нече күндүк добуш берүүнүн форматы менен өтүп жаткан тунгуч саясий өнөктүк.

РФтин Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилованын айтымында, мындай чечим жарандардын өздөрүнүн суроосунан улам кабыл алынган. Бир нече күн добуш берүү эл үчүн ыңгайлуу практика деп саналат. Президенттик шайлоону өткөрүү үчүн БШК 33,2 миллиард рубль алган.

Россияны жетектөөгө төрт талапкер аттанган. Алар — Леонид Слуцкий, Николай Харитонов, Владислав Даванков жана Владимир Путин.

Шайлоо тилкелери өлкө боюнча добуш берүүнүн биринчи күнү — 15-мартта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 8.00дө ачылды. Алар саат 20:00гө чейин иштейт.

Бул күндөрү Россияда эл 94 миңден ашуун шайлоо участокторунда президентин тандоо үчүн добушун берет.

Кыргызстанда да шайлоого карата Кыргызстанда төрт участок иштейт.

Последние новости