www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядан 130 кыргызстандык депортация болду

Россиядагы "Нелегал" операциясынан кийин Москва шаары жана Москва облусунан 130 кыргызстандык депортацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулу Манас Жолдошбеков билдирди.

"Операция негизинен Москвада, Санк-Петербургда болду. Москвадан жалпысынан 130 киши Кыргызстанга депортацияланды", - деди Жолдошбеков.

Буга чейин Россиянын Ички иштер министрлиги "Нелегал" рейдинен кийин жети миңдей мигрант депортацияланып, бир нече миң адамга каршы кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кылмыш иштери негизинен маңзат жана психотроптук заттарды жүгүртүүгө жана чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу.

Орус бийлиги операциянын биринчи баскычы 19-25 июнь күндөрү жүргүзүлгөнүн билдирген. Мигранттар рейддер токтобой жатканын кабарлап жатышат.  

Өзгөчө кысымга тажистандык мигранттар кабылды.

Июндун соңунда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын кесиптик кошуунунун өкүлү Акбар Разыкулов полиция көчөдөн мигранттарды кармап, документтерин текшербей туруп, жапырт алып кетип жатканын билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 24-июнда Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда кыргызстандык 130 мигрант кармалып турганын, элчилик аларга укуктук кеп-кеңештерди берип жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости