www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Кыргызстанга карата “Россияга санкцияланган товарларды жеткирүүнү токтотуу үчүн” мүмкүн болгон экономикалык чаралар көрүлүшү тууралуу маалыматына байланыштуу КР УКМК коомчулукка төмөндөгүлөр жөнүндө маалымат берүүнү зарыл деп эсептейт:
"АКШ жана батыш өлкөлөрү Россияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзү да, эч кандай мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын тиешеси жок экенин айтууга болот.
Кыргыз Республикасынын УКМК буга жеке компаниялар менен фирмалардын өздөрүнүн ишкердик жана өндүрүштүк ишмердигинин алкагында алар камсыз кылган продуктылардын акыркы керектөөчүсү жана колдонуучусу ким экенин билбестен санкциялык чектөөлөрдү бузууга катыш болуп калышы мүмкүн экендигин белгилейт.
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан тиешелүү чараларды көрүү үчүн мындай иш-аракеттерди жана бул нерсеге тиешеси бар болгон жеке компаниялар менен фирмаларды аныктоого жана токтотууга багытталган тиешелүү иликтөө жана тергөө иштери башталды.
Кыргыз Республикасы жана анын мамлекеттик түзүмдөрү тиешелүү эл аралык нормаларды жана эрежелерди так сактоодо", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, The Washington Post басылмасы 18-июлда АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө камынып жатканын жазды. Анда мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатканы, америкалык жана европалык дипломаттардын Кыргызстанга жасаган сапарлары жыйынтык бербегендиктен, Вашингтон ушул аптада экономикалык чараларды кабыл алаары белгиленген.
Басылма Кыргызстандан Орусияга ташылып бараткан кытайлык 14 DJI Agras T30 учкучсуз учактар тобунун Казакстанда кармалганына токтолгон.
Булак: NazarNews.kg