www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Сергиев-Посад шаарынын бийлиги ири жарылуудан кийин өзгөчө кырдаал режимин киргизгенин администрациянын Telegram-каналы билдирди.

Администрациянын башчысынын орун басары Оксана Ероханова бул жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү үчүн кошумча күчтөрдү тартууга, ошондой эле «маалыматтарды чогултууга, системалаштырууга жана талдоо жүргүзүүгө» мүмкүндүк берет деп түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, 9-августта, Загорск оптикалык-механикалык заводунун аймагында жеке компания ижарага алган пиротехникалык буюмдар кампасында жарылуу болгон.

Жардыруудан бир аял каза болуп, 60 киши жарадар болуп, төрт имарат талкаланган. Жардыруудан 38 көп кабаттуу үй жабыркап, 100гө жакын тургундан терезелери сынганы боюнча бийликке арыз түшкөн.

Орусиянын Тергөө комитети өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости