www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-августта Россиянын Москва облусундагы Сергиев Посад шаарында болгон жарылуудан 31 киши жаракат алды. Бул тууралуу аталган облустун губернатору Андрей Воробьев билдирди.

«Кызматтар 31 жабырлануучуну, анын ичинде үчөө оор жаракат алганын, алар реанимацияда, дагы 12 адам реанимацияга жөнөтүлгөнүн билдирүүдө. Жалпысынан 19 адам ооруканага жеткирилип, аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө», — деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, окуя боюнча маалымат Москва убактысы боюнча саат 10:45те түшкөн. «Известия» басылмасынын маалыматына караганда, Загорск оптикалык-механикалык заводундагы жарылуу пиротехникалык каражаттар сакталган кампада болгон. 

Сергиев Посад районунун администрациясынын Telegram-каналында алар Загорск заводунда бардык имараттарды, анын ичинде ижарага алынган цехтерди толугу менен эвакуациялоо жарыяланганын белгилешти.

Окуя болгон жерге Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев барганы кабарланды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости