www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын "Мейкин Азия" III эл аралык Ысык-Көл фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестиваль Кыргызстанды дүйнөлүк маданий жана туристтик мейкиндикке интеграциялоого багыт алып, келечекте популярдуу музыка аткаруучулардын башын бириктирген ири аянтчага айланат.

Азия жана Европа өлкөлөрүнүн мыкты аткаруучулары, ошондой эле Казакстан, Түркия, Россия, Түштүк Корея, Кытайдан мейман катары келген эстрада жылдыздары көгүлтүр көл жээгинде улуттук жана дүйнөлүк хит ырларды тартуулайт.

Эл аралык Ысык-Көл фестивалынын максаты маданияттардын диалогу аркылуу маданий мурастарды өнүктүрүү жана сактоо, таланттуу жаш аткаруучуларды табуу жана колдоо, Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости