www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соң-Көл жайлоосунда малдын жапырт шарп ылаңы менен ооруган факты катталган жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда Соң-Көл жайлоосунда бодо малдар шарп ылаңы менен ооруп жатканы боюнча такталбаган маалымат тараган. Буга байланыштуу Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат төмөндөгүлөрдү билдирет.

"Соң-Көл жайлоосуна Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун малчылары чыгышат. Ушуга байланыштуу, жайкысын аталган үч райондун ветеринардык башкармалыктарынын инспекторлору жеке ветеринардык врачтар менен биргеликте Соң-Көл жайлоосуна барып, малчылар менен жолугушуп, жеринде мониторинг жүргүзүп, эпизоотиялык кырдаалды анализдеп, текшерип турушат", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик акыркы жолу инспекторлор 18-19-июль күндөрү Соң-Көл жайлоосуна барып, мониторинг жүргүзүп келишкенин белгилейт. Анда малчылардан эч кандай даттануулар жана арыздар түшкөн эмес, эпизоотиялык абал туруктуу, жугуштуу ылаңдар жок экени белгиленген. Мындан тышкары, Соң-Көл жайлоосуна бекитилген ветеринар адистер жума сайын мониторинг жүргүзүп, райондук ветеринардык башкармалыкка маалымат берип турушат. Бул боюнча жеринде түзүлгөн актылар бар.

Жогорудагы маалыматтын негизинде бүгүнкү күндө Ветеринардык кызматтын инспекторлору Соң-Көл жайлоосуна барып, мониторинг жүргүзүп, малдар арасында шарп ылаңы менен оруп жаткандыгы такталган жок, эпизоотиялык абал туруктуу.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости