www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баарыбыз билгендей, Россияда миллиондон ашык кыргызстандыктар мигрант болуп жүрүшөт. Ушунун өзү Россия өлкөбүздүн экономикасына, элибиздин жашоо-турмушуна түздөн-түз таасирин тийгизген эң негизги чет элдик эмгек рыногу экенин айгинелеп турат. Ал эми өлкөгө арзан берилип жаткан бензин, солярка, газ боюнча айтпай эле коёлу. Анын баары түшүнүктүү.
Анан эле, чычкан ийинине кире албай жатып, куйругуна калбыр байлайт болуп, Россияны "боктоп" Батыштын ырын ырдагандардын ниетине, пейилине, максатына түшүнүп болбойт. Батыштын көз жазгырган саясатына ыктап, обонун созобуз деп жатып, Кыргызстандын экономикасына тирөөч болгон эмгек рыногун жоготуу, арзан энергетикалык ресурстан кол жууп калбайлы. Мындай көрүнүш орун алса, өлкөдө кырдаал дестабилдештирүүгө жетет. Демек, арыдан-бери болгон жакшы.
Мына Улуттук банктын статистикасына ылайык, 2022-жылы эле 2 миллиард 780 миллион доллар Кыргызстанга которушкан. Бул тыштан которулган жалпы сумманын, тактап айтканда 2 миллиард 928 миллион доллардын 97% түзөт. Ошондо Россиядан жылына Кыргызстандын бюджетине барабар каражат келет. Элибизди карайлатпай, акча калтырбай жаткан жагдайдын тамыры Россияда жатат.
Деги эле Россиянын бир эле Кыргызстан эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнө тийип жаткан жарыгы чоң. Айталы, Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2022-жылы өсүп, 42 миллиард доллардан ашты. Анын ичинде 3,2 миллиард – Кыргызстан Орусиянын ортосундагы алака. Салыштыруу үчүн, аймактын АКШ менен соода жүгүртүүсү 4,4 миллиард долларды, Улуу Британия менен 1,8 миллиард долларды түзөт.
Кыргызстандан барган эмгек мигранттары салттуу түрдө курулушка караганда тейлөө тармагында көбүрөөк иштешет. Чет өлкөлөрдө иштеген республиканын бардык жарандарынын 60%га жакыны тейлөө тармагында иштешет. Себеби, кыргызстандык мигранттар орус тилин жетиштүү деңгээлде билишет.
2022-жылы Кыргызстандын экономикасы 7%дан ашык өстү. ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүү 2022-жылы 4,5 миллиард долларга, ал эми Орусия менен 3,2 миллиард долларга чейин жеткен.
Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгү бүтүндөй республиканын экономикалык өсүшү үчүн күчтүү стимул болуп калды жана анын көптөгөн жарандарына Орусияда ишкердик ийгиликтерге жетишүүгө жардам берди. Эксперттердин баамында, Кыргызстан ЕАЭБдин башка мамлекеттерине караганда биримдиктин ичиндеги товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, финансылардын жана жумушчу күчтөрдүн кыймылын пайдаланууда жакшыраак. Натыйжада кыргыздар жалданма эмгек катары көбүрөөк киреше алып, бизнес чөйрөсүндө да олуттуу ийгиликтерге жетишүүдө.
Булак: NazarNews.kg