www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан “Фейсбук” социалдык тармагында чагымчыл аккаунт аныкталды ал өлкөнүн жарандарынын арасында кастыкты козуткан ар кандай тенденциялуу материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Бул аккаунт Бишкек шаарынын тургуну Ч.А.С. аттуу жаранга тиешелүү экени тастыкталды. Ал мурда да бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, алар үчүн сот органдары тарабынан 5 (беш) күнгө административдик камакка алынган, бирок көрүлгөн чараларга карабастан, өзүнүн мыйзамсыз иштерин уланткан.
Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда айтылган Ч.А.С. аттуу жарандын мыйзамсыз аракеттерине соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, ага ылайык, анын басылмаларында улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле жарандардын улуту боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экендиги такталды.
Ушуга байланыштуу үстүбуздөгү жылдын 12-июлунда Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүн (“расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, 14-июлунда козголгон кылмыштын негизинде Ч.А.С. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg