www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда белгилүү ырчы Кайрат Примбердиевдин казак журналистине берген маегинде казак элинен Кененсарынын башын алган Ормон хан үчүн кечирим сураган. Ырчынын бул жоругу талкууга түшүп, чуу жаратты.

Професор, Гүлзат Аалиева аты аталган ырчынын "Жалпы кыргыз элин, КРнын Президентин аттап өтүп, казак элинен кечирим суроого эмне негиз болду? -деп жазат.

—  Же, чынында эле, Кайрат Примбердиевдин артында казак элинен кечирим суроого мажбур кылган күч барбы? Бул эки элди кайраштырууну көздөп жаткандыктын белгиси эмеспи? 19-кылымдын ортосунда болуп өтүп, бүгүн дээрлик унутулуп калган ушул теманы эмне себептен азыр "раскачка" кылып аткандарын бир аз эле баштагы мээни кыймылдатсак түшүнгөн турабыз, бирок, бул кагылыштырууга аракеттенгендер кимдер болууда, ага маани бербейбиз! 

Неге?! 

Анткени, Орто Азияда жаңжал чыгаруунун артында "дүйнө жүзүн башкарып атабыз" деп өздөрүнө катуу ишенген Збигнев Бжезинский баш болгон "шахматчылар" турат!  Ошол дүйнөлүк геосаясаттагы "шахматчылардын" максаты буга чейин Пакистандан импорттолуп келип жаткан таблиги жамаат уюму өңдүү радикалдуу маанайдагы диний агымдар аркылуу ишке ашырылып жатты эле. 

Ал эми, мына бу, ырчы Кайрат Примбердиевдин акылга сыйбас жоругун кантип түшүнсөк болот? Же, ал дагы ошол таблиги жамаатка өзүнүн жеке каржылык кызыкчылыгын көздөгөн өнөрпоздор жамааты тараптан кыпчылып алган диний диверсантпы? Чын-чынына келгенде, жалпы коомчулук Кайрат Примбердиев сымал бир аз аты чыккан, бирок, "заты чирик", акча десе артынан түшкөн мадырабаштарды
- бийликке, байлыкка умтулган курсактуу коррупционерлер жана башка амбициясы аттын башынан чоң, 
- жеке кызыкчылыктары үчүн атасын танган жалган "атамандар" деп билебиз, дейт Манас таануучу Аалиева.

Ошондой журналист Семетей талас уулу

— Кенесары адилет, айкөл, жаангер хан болгонсуп эле көкөлөтө беришет. Ой, ал Гитлердин түбүн ичкенсиген жеткен мыкаачы неме болгон. Бооз аялдардын ичин жарып, баласын да, өзүн да өлтүрткөн карамүртөз болгон. Достойный бирөө болсо дагы, "кой эми баурлар, иттик бизден кетиптир" демекпиз. Казактын адекваттуу бирнече тарыхчысы; "Кенесары кыргыздарга кылыч менен келип, өзү ошо кылычтан өлгөн. Ал доор ошондой доор болчу" деп айтып эле жүрүшөт.

Кубат Болотканов

— Бир сапар казак кесиптештер менен Кененсары, Ормон тууралуу талашып-тартышып калып, "Кенесары кыргызды чапканы келе жатканда башы бар беле, бар болсо кантип кыргызды чапсын. Сыягы келе жатканда эле жок окшойт. Силер ушу жок эле башты доолап жүрөт окшойсуңар" деген элем.  
Ал эми бул ырчы инибизге таарынып, кеп кылып деле кереги жок. Кой аксагы менен миң да. Ар ким акылы, алы жеткен ишти кылса деген эле ой, - дейт.

Социалдык тармактарда белгилүү ырчы Кайрат Примбердиевдин казак журналистине берген маеги талкууга түшкөндөн кийин, ал кечирим сурады.

Ырчынын жогорку кадамына Маданият министринин орун басары Марат Тагаев ырчы Кайрат Примбердиевдин казакстандык Ютуб каналдардын бирине берген маегин сынга алды. Айтымында ырчы андагы маекте «Ормон хандын Кененсарыга кылганы туура эмес, мен ал үчүн  кечирим сурайм» деген.

— «Кайрат Примбердиев кээ бир казакстандык блогерлердин пропагандасын ээрчип Ормон хан туура эмес иш кылганын айтып, ал үчүн кечирим сурады.  Элестетиңиз биздин эмгек сиңирген артистибиз. Казакстанда Кененсары тууралуу ар кандай тасмалар тартылып, анын үзүндүлөрү социалдык тармактарда жайылууда. Бүгүн жаштарыбыз ушунун баарын көрүп туруп Ормон хандын жерибизди сактоо, мамлекеттүүлүктү түзүү боюнча ишине уялгандай, ал үчүн биз кечирим сурашыбыз керектей көз караш калыптанып жатат» - деген Тагаев.

Эске салсак, буга чейин Гулнур Асанова социалдык баракчасына "Манас бул жомок" деп   жазып коомчулукту дүрбөлөңгө салган.

Последние новости