www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" аттуу эскерүү китебинин бет ачары болуп өттү. Бул туурасында Кыргызпатенттин маалымат кызматы билдирди.

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын конференц-залында өткөн иш-чарага Кыргызстандын илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана Айтматовдун үй-бүлө мүчөлөрү катышкан.

Бул китеп Кыргызпатент тарабынан 2020-жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мамлекеттик жана расмий тилде 500 нускада чыгарылган.

Айтматованын аталган эскерүү китебинде ХХ кылымдын 37-жылында респрессиянын курмандыгы болгон мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун эл чарбасынын, өнөр жайынын пайдубалын түптөөгө кошкон салымы архивдик материалдардын негизинде чагылдырылган.

Кыргызпатент тарабынан басмадан чыгарылган китептин 200 даанасы авторго берилген. Ал эми калгандары республиканын бардык китепканаларына жиберилген. Ал эми кызыккан окурмандар китептин электрондук версиясын Кыргызпатенттин расмий сайтынан кыргыз жана орус тилдеринде окуй алышат.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости