www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент наамына бир аз эгедер Роза Отунбаева президент Атамбаевдин сөзүнө таарынып аянтты таштап чыгып кеткенден баштап азыркы бийликке ар кыл сындарды ар бир жыйындарда айтып келет. Өткөн жумада президенттик шайлоого байланыштуу болуп өткөн жарандык форумда Роза Исаковна азыркы бийлик атаандаштарын сүйлөтпөй коркутуп, камап жатканын сынга алып, президент акаевдик, бакиевдик кадрларга таянып иш алып барып жатканын, короосуна ошолор толуп алганын катуу сындады.

Роза эжекенин бул айтканында чындык бар. Аны бир да саясатчы туура эмес деп айталбаса керек. “Атамбаевди колдобогон адамга кылмыш иши ачылышы мүмкүн. Айрымдары абакта отурушат. Биз мамлекет башчысын сындагандарга президенттин ар-намысын коргоо боюнча жазылган арыздардын санынан да жаңылып калдык. Мунун баары бийликти узурпациялоого жана саясий жоопкерчиликсиздикке алып келет” деди Роза Исаковна.

Учурда саясий өңүт менен кылмыш иши козголгондордун санына мурунку эки бийликтин тушундагы иштерди кошкондо дагы жетпей калганы анык. Бирок, Роза Отунбаева кадрларды акаевчи, бакиевчи деп бөлгөнү экс-президенттин айтаар сөзүбү? Өзү Акаевдин, Бакиевдин тушунда кайсыл кызматта жүрдү эле? Бакиевди бийликке алып келгендердин бири экенин унуттубу? Жада калса Атамбаевди дагы өзү мураскер катары калтырып кетпеди беле? Же муну дагы танабы? Эртең элге кызмат кыла турган адам келип, азыр кайсыл бир кызматта иштеп жаткан тажрыйбалуу, кесипкөй адамды жумушка алса, аны да атамбаевчил деп айтышыбыз керекпи? 2010-жылдан кийинки кырдаалга Отунбаева баш болгон утурумдук бийлик толук курамы менен жооп бериши керек.

Роза Отунбаева бийликке отурган алгачкы күндөрү Ош шаары кара түтүнгө чулганып, адамдардын жансыз денеси 41-жылдагыдай көчөлөрдө жайнап кеткенин ким тана алат? Мына ошол каргашалуу окуяга 7 жыл толгону турат. Эгер ошол кандуу окуяга өзү күнөөлүү болбосо, кайра-кайра Акаев менен Бакиевге сын айткандай сайрабай Ош окуясына күнөөлүү кишилердин ысмын айтып, өзүнүн артын тазалап албайбы? Атамбаев деле өз сөзүндө бир канча адамдын өмүрүн кыйган тополоңдун башында турган Кадыржан Батыровду кимдер чыгарганы ачыкка чыгат деп өзүн актагысы келип жатпайбы.

БулаК: "Жаңы ОРДО"

Последние новости