www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылдагы Ош-Жалалабат коогалаңына ошол кездеги Убактылуу өкмөт жана анын башында турган Роза Отунбаева айыптуу деген пикирлер көп айтылып келет.

Мындай ойду кармангандардын ишениминде ал өлкө жетекчиси катары түштүктөгү тутанып келаткан жаңжалдын алдын алууда чектен тыш шалаакы мамиле кылган. Ошондой эле, тутанган кан төгүүнү токтотууда да жетекчилик көрөгөчтүктөн алыс, батыштын саясий кызыкчылыгына төп келген иш-аракеттерге барган.

Орус саясат таануучусу Александр Князев, бул боюнча пикирин ачык билдирип келет. Ал K-News маалымат агенттигине маек бергенде “май айындагы Маевкадагы жаңжал менен июндагы Ош коогалаңынын чыгышына Роза Отунбаева жооптуу, ал жок дегенде моралдык жактан айыпталышы керек” – деп билдирген.

Ал эми “Саясат пресс” гезитинин №8 санындагы маегинде А.Князев эмне үчүн Р.Отунбаевга жоопкерчилик жүктөлүш керек экендигин чечмелеп берген. Анда ал мындай дейт:

- Июнь капсалаңы учурунда президент Роза Отунбаева Орусияга аскердик жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда ал Кыргызстандагы улуттар аралык конфликтте Орусия аскерин алып кирип тынчтык орнотууга катышышы зарыл экенин билдирген. Менде анын бул чечиминин кыргыз-өзбек чатагын жайгарууга багытталган өз алдынча чечим экендигине күмөнүм бар. Буга себеп, Кыргызстандын президентинин [Роза Отунбаева] Вашингтон менен карым-катнашы жана анын тышкы саясаты өзгөрүлбөс жана ачык багытта экендиги.

Ошондуктан, Р.Отунбаева Вашингтондук кураторлору менен макулдашпай туруп Орусияга чакырык таштай албайт болчу. Эгерде татаал жаңжалга Орусияны тартуу аракети оңунан чыгып калганда, анда анын эки кесепети жүз бермек. Орус армиясы Кыргызстанга кирүү менен кыргыз күч структуралары менен бирге иш алып бармак. Мындай болсо Орусиянын урмат-сыйы мнен кадыр-баркы өзбектердин арасында биротоло түшмөк жана алар Орусияны душман катары кабылдашмак. А кыргыздар болсо орустарды оккупанттар жана баскынчылар катары эсептешмек. Ошондуктан, мен Роза Отунбаева жана Вашингтон Орусияны июнь коогалаңына тартууга аракет кылышкан.

Саясат таануучунун мындай пикири адамды кайсы бир деңгээлде ынандырып, июнь коогалаңындагы “временщиктер” менен Роза Отунбаеванын иш-аракеттерине кайрадан көз жүгүртүп чыгууга мажбурлайт.

Ал эми кийин июнь окуяларынын чыгыш себептерин иликтеген улуттук комиссия болсо коогалаңдын тутанышына агездеги расмий бийликтин (Убактылуу өкмөттүн) шалаакылыгы менен кайдыгерлиги негизги себептерден болгон деген жыйынтык чыгарган. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча “чыр-чатактын чыгышына Убактылуу өкмөттүн жетекчилери [президент Роза Отунбаева, анын орун басарлары Алмазбек Атамбаев, күч түзүмдөрүн башкарган Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев] жана коргоо министри Исмаил Исаков, Ички иштер министри Болот Шер, УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Башкы прокурор Байтемир Ибраевдер жооптуу, алар улуттар аралык конфликттин тутанышын токтотуп кала алышкан эмес”. Комиссия атайын кызматтар өлкө жетекчилигине Ош областында бышып келаткан улутар аралык жаңжал тууралуу бир нече жолу маалымат менен кайрылышкан, бирок “тилекке каршы, Убактылуу өкмөт буга чара көрбөгөнүн” баса белгилеген. Ал эми канды булоонго жол ачып берген ошол “бийликте отурган жетекчилерге саясий жоопкерчилик каралып, а эгер кылмыш жоопкерчилиги бар болсо, ал тергөө менен далилдениши керек” деген тыянак чыгарган.

Расмий маалыматтар боюнча, июнь коогалаңында жалпысынан 426 адам набыт болуп, 2 миңдейи жаракат алган. Бирок, бул көрсөткүч чыныгы абалдын жарымына да жетпешин бейформал булактар айтып келишет. Түштүктөгү кайгылуу окуянын келип чыгыш себептерин иликтеген улуттук комиссия 2010-жылдын 12-июлунда коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин жетекчилигинде түзүлүп, 2011-жылдын 10-январында өз ишин жыйынтыктаган. Анын тыянактары бир катар “революционерлер” менен “временщиктердин” нааразылыгын туудурган.

Ал эми Роза Отунбаева трагедиядагы жоопкерчиликтерден оңой-олтоң эле кутулуп тим болбостон, кадыр-барктуу экс-президент деген статусту олжолоп алып отурат.

2010-жылы башка “временщиктерге” кошулуп анын да оңой акчаларга туйтунуп жүргөнү, Лондондун элиталык районунан вилла сатып алганы ачыкталган.

Алсак, “Асман press” гезити 2010-жылдын декабрында жазгандай, Р.Отунбаева Лондондун Челси районундагы Йоркшир көчөсүнүн 27-үйүн сатып алган, үйдүн сүрөтүн да жарыялаган. Бул райондо принцесса Диананын, атактуу жазуучулар Агата Кристинин, Марк Твендин жана Маргарет Тетчердин үйлөрү жайгашкан. Бул маалыматты Роза Исаковна, албетте, жокко чыгарып, ал имараттын кызыныкы экенин айткан. Бирок, “биздин 1-2 жараныбыздын” Лондондо кымбат баалуу үй сатып алганын 2012-жылы депутат Акматбек Келдибеков да парламент трибунасынан туруп айтканы бар. Аны ММКлар Р.Отунбаева тууралуу айтты деп жоромолдошкон.

Жогорудагы эки мисал экс-президент Роза Отунбаеванын Түштүк трагедиясындагы саясий жоопкерчилигин кароону жана ага карата кылмыш ишинин да козголушун талап кылат.

Баса, Роза Отунбаева, Молдомуса Конгтаниевге каршы бир үңкүрдөн кылтыйып чыгып койду. Молдомуса Конгантиев - жабырлануучу, ал кишини сабаган адамдар жоопко тартылышы керек. Андан көрө Ош окуясы боюнча Роза Отунбаева түздөн-түз 400дөн ашуун адамдын өлүмүнө жооп берип камакка алынышы керек. 

Роза Отунбаева качан камакка алынат? 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости