www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Китепканалар бара-бара маалымат жана эс алуучу борборго айланып бара жатат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынынын директору Роза Султангазиева билдирди.

«Пандемияга чейин биздин китепканага күнүнө 1,5 миңге жакын балдар келишчү. Биз буга ишене албай жүрдүк, бирок жаш китеп окурмандар жана алардын окуу маданиятына болгон кызыгуусу акырындап өсүп келе жатат. Азыр пандемияга байланыштуу китепканага күнүнө 500-600 бала келүүдө. Беш-алты жыл мурда окурмандарды китепканага тартуу кыйын болчу. Бул китеп окууга болгон кызыгуу өсүп жатканынан кабар берет. Китепканалар маалымат жана эс алуучу жайга айланып бара жатат», - деди ал.

Султангазиева азыр балдар жомокторду азыраак окушуп, балдарды өнүктүрүүчү адабияттар, энциклопедиялар, заманбап прозалар көп окуларын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости